Депутаттардан акча опузалоого шектелип «Мир24.kg» порталынын директору кармалды

Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча опузалоого шектелип «Мир24.kg» маалымат порталынын директору кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-ноябрда 2 миң доллар каражатты өткөрүп берүү учурунда 2016-2017-жылдардагы соцтармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылуу жолу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча каражатын туруктуу негизде талап кылган бир катар адамдар кармалды.

Кылмыштын негизги аткаруучусу МИР24.kg маалымат порталынын башкы директору С.С.К. болгон. Ал ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери болуп саналат.

Ошондой эле кылмышка көмөктөшкөндүктөрү үчүн шектелип МИР24.kg маалыматтык порталдын оператору Б.у.К. жана “Жорго-Такси” компаниясынын айдоочусу Өзбекстандын М.М.Х. аттуу жараны кармалышты.

Учурда Кылмыш жаза-кодексинин 208 беренесинде (“Опузалап талап кылуу”) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кармалган жарандар бул кылмышты жасагандыгын мойнуна алып, өз көрсөтмөлөрүн беришти.

 Басып чыгаруу

Related posts

Тиш дарылаткан 3 жашар кыздын эмнеден улам каза болгону айтылды

admin

Макрондун карааны кайрадан көзгө чалдыкты. Алиев Грузиядагы башаламандык тууралуу

admin

Бала бакчалардагы тамак-аш эми ата-энелердин акчасынан берилет

admin

Комментарий