Орто АЗияда жакынкы жылдары сугат суу 50 пайызга чейин азаят

Илимий борборлордун болжолдоосу боюнча, 2050-2100-жылдары Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанда сугат суунун азайышы 30-50 пайызга жетет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргыз ирригация илим-изилдөө институтунун директору Кубанычбек Кулов билдирди.

Анын айтымында, суунун жетишсиздиги сугат иштеринин үзгүлтүккө учурашына жана түшүмдүн, азык-түлүктүн кескин тартыштыгына алып келет.

“Кыргыз ирригация илим-изилдөө институтунун акыркы изилдөөлөрүнө караганда, дарыялардын агымынын азаюу тенденциясы 2028-жылдан баштап күчөйт. Кыргызстанда 5 миңге жакын агын суулар бар. Божомол боюнча, 2050-жылдары 30 пайызга суу азайып, эң кызыгы, суу түштүк региондо 5 пайызга, түндүн региондо 30 пайызга азаят экен. 2100-жылы суунун тартыштыгы түштүк региондо 20 пайыз, түндүн региондо 50 пайызга чейин жетет. 2028-жылдан баштап Чүй, Ысык-Көл, Нарында суунун агымы 1-40 пайызга чейин азаят”, — дейт ал.

Кулов Кыргыз ирригация илим-изилдөө институту 10 жылдык программа иштеп чыкканын айтып, Айыл чарба министрлигине сунуштаганын кошумчалады.

“Биздин институтта Виталий Шабловский деген адисибиз жакшы бир система иштеп чыкты. Ал система суугат жерлерди автоматтык түрдө көзөмөлдөө, суунун көлөмүнүн эсепке алуу, сууну адилеттүү бөлүштүрүүнү камтыйт. Системаны ишке ашыруу үчүн 10 жылдык программага киргиздик. Программага сугаттан сырткары, жер кыртышы, топурак изилдөө дагы кирет. Каражат бөлүнүп, аталган программа аткарылып калса, айыл чарбага жана элдин турмушуна жакшы салым болот эле”, — деди ал.

Булак: Кабар

Related posts

Тарых жаралды! Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпиондугунун 3-баскычына жолдомо жеңди

admin

Шакиев: «Тойканалар эле салына бербей, билим берүү жайларынын курулганы жакшы көрүнүш»

admin

Казак президенти Конституцияны өзгөртпөрүн жана 2026-жылы шайлоого катышпай турганын айтты

admin

Комментарий