Садыр Жапаров иш сапары менен Самарканд шаарына келди 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, Өзбекстанга иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы Самарканд шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторунда Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, иш сапардын алкагында мамлекет башчысы ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Related posts

Дубайга сойкулукка сатылган өспүрүм кыз тууралуу милиция маалымат берди

admin

Актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты 

admin

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды 

admin

Комментарий