Стамбул шаарындагы жардырууга тиешеси бар 22 адам кармалды

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Стамбулдагы жардырууга тиешеси бар 22 адам кармалганын билдирди. Бул тууралуу түркиялык «Ихлас» агенттиги билдирет.

Укук коргоо органынын башчысы журналисттер менен жолугушууда билдиргендей, бийликке теракт кимдер тарабынан жасалганы маалым.

«Бизде кайдан чыккан жери, кайсы жерде буйрук алынганы жана акцияны аткарган адамдар тууралуу маалыматтар бар. Биздин баамыбызда акция өткөрүүгө буйрук Кобаниден (ред. эскертүү — Сириянын түндүгүндөгү шаар) келген. Окуяга себепкер болгон жана бомбаны таштаган адам Стамбул полиция башкармалыгы тарабынан кармалды. Буга чейин дагы 21 адам камакка алынган», — деди Сойлу.

Анын айтымында, жардыруудан 6 адам каза болуп, 81 адам жаракат алган, бешөө реанимацияда, экөөнүн абалы оор. Учурда жалпы жабыркагандардын 50сү ооруканадан чыгарылды, калгандары дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, 13-ноябрда Стамбул шаарынын Бейоглу районундагы Истикляль көчөсундө жарылуу болгон. Кыргызстандын Башкы консулдугу каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирген.

Related posts

Бишкекте эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

admin

Шакиев: “Жер көчкү коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин тездетүү зарыл”

admin

Президент Садыр Жапаров билим берүү кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

admin

Комментарий