Өзбекстандын парламенти кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жактырды 

Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу палатасы (парламенти) Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине өзбек парламентинин маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам чыгаруу палатасынын кезексиз жыйынында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара маселеси боюнча келишими тууралуу кеңири маалымат берген.

Күн тартибиндеги маселелер талкууланган соң, депутаттар Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү.

«Бул документтердин кабыл алынышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, өзбек-кыргыз мамлекеттик чек ара маселеси боюнча комплекстүү чечимдерди кабыл алууга кызмат кылат», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, аталган документтерге Бишкекте 3-ноябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовдун Кыргызстанга болгон визитинин алкагында кол коюлган.

Related posts

Мөмө жемиштен көп түшүм алган чемпиондор белгилүү болду

admin

Алматы шаарында Кыргызстандын жаңы башкы консулу дайындалды

admin

21-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.

admin

Комментарий