Баткенде 3 айыл аймактын жана 10 айылдын аталышы өзгөртүлдү

Президент Садыр Жапаров «Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 20-октябрда кабыл алынган.

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан бул мыйзамда Баткен облусунун 3 айыл аймагы жана 10 айылынын аттары өзгөртүлдү.

Документтин максаты — айыл аймактарына жана айылдарга мурдагы жана азыркы учурда кеңири белгилүү болгон, учурда жашоочулар тарабынан колдонулуп келген, ошондой эле мамлекеттик, тарыхый жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен, аталыштарды кайтарып берүү болуп саналат.

Айыл аймактарынын жана айылдардын атын кайра атоо боюнча чечимдер ошол айылдардын тургундарынын чогулуштарында кабыл алынып, тиешелүү айылдык кеңештердин чечимдери, райондук мамлекеттик администрациялардын жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдери менен бекитилип, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.

Мыйзамга ылайык, төмөнкү айыл аймактарынын жана айылдарынын аталыштары өзгөртүлдү:

— Кадамжай районунун Марказ айыл аймагы Айрыбаз айыл аймагы деп;

— Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Марказ айылы Айрыбаз айыл аймагынын Айрыбаз айылы деп;

— Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакиш айылы Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылы деп;

— Кадамжай районунун Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан айыл аймагы деп;

— Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Ак-Өргө айылы деп;

— Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Халмион айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылы деп;

— Лейлек районунун Маргун айыл аймагы Кең-Талаа айыл аймагы деп;

— Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Даргаз айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Кереге-Таш айылы деп;

— Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Дархум айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Жети-Таш айылы деп;

— Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Маргун айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылы деп;

— Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Чурбек айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Үч-Булак айылы деп;

— Лейлек районунун Раззаков шаарынын Мурза-Патча айылы Раззаков шаарынын Ак-Босого айылы деп;

— Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Коммуна айылы Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылы деп кайра аталды.

Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Related posts

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин көрсөтмөсүн аткаруу максатында үстүбүздөгү жылдын 11-июнунан тартып Улуттук коопсуздук органдары тарабынан «Нелегал-2025» атайын операциясы башталган.

admin

Бакуда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маарекелик иш-чара өттү. Сүрөттөр

admin

УКМК (Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун нейтралдаштыруунун алгачкы жыйынтыктарын ачыкка чыгарды

admin

Комментарий