Чечме булагы Өзбекстанга берилди деген маалымат чынбы? Ташиев жооп берди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралууда.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишим жана эки өлкөнүн өкмөтү ортосунда Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлору каралууда.

Жыйында УКМКнын төрагасы, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев билдиргендей, Баткендин Кадамжай районундагы Чечме булагы Өзбекстанга берилген жок.

“Аны биргеликте башкаруу боюнча чечим кабыл алынды”, — дейт ал.

Буга чейин Чечме айылынын тургундары булак өзбек тарапка өтүп кетти деген жүйөө менен нааразычылык акциясына чыгышкан.

Related posts

Акжол менен Жоламан UWW уюмунун “Тарых жаратуучу” наамына көрсөтүлдү 

mediaportalk

Министрлик: «Бишкекте ысык суу берүүдө чектөө киргизилди»

mediaportalk

Учурда өлкө боюнча дээрлик 62 миң ипотекалык батир курулууда

mediaportalk

Комментарий