Келтирилген зыян дээрлик 140 миң сом. Нарында дарактар мыйзамсыз кыйылган 

Күн мурун, 17-ноябрда Нарын облусунун Нарын районундагы Кенеш айылында мектептин короосунан 23 даана дарак (12 терек, 2 кайың, 9 карабак) мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган экологиялык кылмыш боюнча акт түзүлүп, жаратылышка келтирилген зыяндын жалпы суммасы 139 миң 214 сом өлчөмүндө эсептелген.

Топтолгон материалдар КР колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Related posts

Кыргызстандык 2 спортчу АКШда өткөн фестивалда алтын медаль жеңди (сүрөт)

mediaportalk

Январдан тарта Илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

mediaportalk

27-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

mediaportalk

Комментарий