Садыр Жапаров Токаевди жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүү учурунда Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди болуп өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, анын жеңиши казак элинин колдоосу менен ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Шайлоонун жыйынтыгы Касым-Жомарт Токаевдин жаңы мамлекетти курууга, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана казак элинин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган саясий багытын колдоорун тастыктады.

«Садыр Жапаров Казакстандын президентине чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош казак элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады. Мындан тышкары, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы келечегин, аймактык кызматташтык маселелерин, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 9-декабрына Бишкекте өткөрүү белгиленген Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алдыдагы жыйынына даярдыктарды талкуулашты»,- деп айтылат маалыматта.

Related posts

УКМК тарабынан кармалган жеке ишкер Олег Подобедов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

admin

КР УКМК: Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында узак мөөнөткө ижарага мыйзамсыз берилген (120 га) жерлерди мамлекетке кайтаруу боюнча

admin

КР УКМК: Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жер комиссиясынын мүчөлөрү кармалды

admin

Комментарий