Бишкекте биринчи Элдик курултай ишин баштайт. Ага Садыр Жапаров катышат

Президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен эртең, 25-ноябрда, Бишкекте биринчи Элдик курултай ишин баштайт.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Биринчи Элдик курултай УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт.

Көрсөтүү 25 жана 26-ноябрда саат 10:00дө башталат.

Related posts

Ырайымсыз Рахмондун кезектеги чагымчылдыгынын себеби эмнеде?

admin

Internews жана “Сорос” сыйлыктары кимге тапшырышты 

admin

КР УКМК: Бишкек шаардык сотунун судьясы жана анын жубайы кармалды

admin

Комментарий