УКМК: Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду 

 Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, — деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңгизат тобунун мүчөлөрү, Өзбекстандын жараны Х.Ш.Ш. жана Кыргызстандын жараны П.О.А. кармалды.

Атап айтканда, Өзбекстандын аймагына КР жараны, Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Арал айылынын жашоочусу П.О.А. аркылуу баңги затын ташууга аракет кылган, жалпы салмагы 2 кг 300 гр болгон «чарс» баңги затын алып жаткан жеринен, Жалал-Абад шаарынын Ленин-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Токтогул» атындагы парктын жанынан Анжиян облусунун тургуну 1988-жылы туулган «Х.Ш.Ш.» кармалды.

Жүзүлгѳн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган П.О.А. Жалал-Абад шаарындагы автобекеттин жанынан кармалып, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө бөлүмүнө алынып келинген. 

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Related posts

15-16-май күндөрү Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет

admin

Бишимбаевдин ишин карап жаткан судья коркутуулардан улам коргоого алынды

admin

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде «Жаш манасчы» айкели орнотулду

admin

Комментарий