Жаан, кар жаайт. 28-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 28-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +2…+7, Талас облусунда +3…+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынжа +10…+15, Ысык-Көл облусунда +4…+9 жана Нарын облусунда -2…+3 градус, ал эми Бишкек шаарында +3…+5, Ош шаарында +12…+14 болору күтүлүүдө.

Related posts

Тоңдо аксакал 60 жаш тоюн бербей, окуучуларга китеп сатып берди

admin

Садыр Жапаров Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлевду кабыл алды

admin

Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга жөнөп кетти

admin

Комментарий