УКМК: 18 кг баңгизат сатууга аракет кылып жаткан жеринен эки адам кармалды 

Жалпы салмагы 18 килограммдан ашык болгон баңгизатты сатууга аракет кылып жаткан жеринен 63 жаштагы К.Г.Г. жана 54 жаштагы Н.Н.М. аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы комплекстүү ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүздү.

Кармалган жарандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2022-жылдын 27-ноябрында К.Г.Г. жана Н.Н.М. КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошол эле күнү Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын аныктамасынын негизинде УКМКнын тергөө камак жайынына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Бишкек шаарындагы өндүрүштүк база жана жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Атышуу болуп жаткан Дмитриевка айылында куралдуу террорист жок кылынды 

admin

Бишкекте бирөөнүн 25 миң доллар турган унаасын алып, сатып жиберген шектүү кармалды

admin

Комментарий