Кыргызстанда ипотекага берилчү үйлөрдүн курулушу башталды 

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ипотекага берилчү үйлөрдүн курулушу башталганын жазды.

“Жакында өз ишин жыйынтыктаган биринчи Элдик курултайдын жүрүшүндө делегаттардан ипотекага үй алуу боюнча маселе көтөрүлүп, жыйын жыйынтыгында президент Садыр Жапаров мамлекеттик ипотеканын пайыздык чени 14төн 4 пайызга чейин түшүрүлгөнүн, берүү мөөнөтү да он жылдан жыйырма беш жылга чейин узартылганын, кийинки жылдан тартып ипотекага бериле турган үйлөр өлкө боюнча массалык түрдө курула баштарын билдирген.

Мамлекет башчы бул курула турган үйлөр жалаң гана мамлекеттик кызматкерлерге эмес, бардык жарандарга берилерин баса белгилеген.

Эми президенттин тапшырмасы менен жогоруда белгиленген 15 кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды”, — деген Туманбаев.

Related posts

Кадамжайда сел агызып кеткен унаанын айдоочусу куткарылды

admin

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча талаш маселесине чекит коюлду

admin

15-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Комментарий