Бишкекте аял 400 миң сомго алданып калган. Шектүү кармалды 

Алдамчылыкка шектелип Нарындын тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ички иштер органдарына Бишкек шаарынын тургуну алданып калганын айтып, чара көрүүнү суранган. Маалым болгондой, бейтааныш жаран алдамчылык жолу менен көмүрдү биргелешип сатуу шылтоосу менен арыздануучунун ишенимине кирип, 250 миң сом акча каражатын алган. Андан кийин аталган кылмышка шектүү жаран кандайдыр бир көйгөйлөрдү чечүү үчүн дагы 150 миң сом сурап, алгандан кийин белгисиз тарапка изин жашырып кеткен. Келтирилген материалдык чыгым 400 миң сомду түзөт.

Аталган факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге катталып, 209-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, 1986-жылы туулган Нарын облусунун тургуну тергөө кызматына жеткирилген. Кылмышка шектүү бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Related posts

«Шереметьево» аэропортунда Орусияга кире албай калган 20га жакын кыргызстандык бар

admin

100 миллион сом… УКМК тарабынан 10 салыкчы коррупцияга шектелип кармалды 

admin

Бишкекте дагы бир сквер курулуп жатат

admin

Комментарий