Бишкекте « Ааламдашуу шартындагы медиа» аттуу форум өттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын 90 жылдыгына арналган “Ааламдашуу шартындагы медиа” Эл аралык форуму жогорку деңгээлде өттү.
90 жылдык тарыхында УТРК ары оор, ары өрнөктүү жолду басөттү. Коомчулукка “кара жашик” атагып, көрүмүүлүгү солгундап, каналга ишеним да жоголгон мезгилдерди башынан өткөрдү. Эми телеканал чыгармачылык жашоосун жаңы барактан баштоо аракетин көрүп, кереге-кеңеш кылып, медиа форум уюштурганы жакшы жышаан.
Бүгүнкү форумга чакырылган меймандардын даражасы УТРКнын али да кадыры, баркы бийик экенин көрсөттү. Эл аралык жана Кыргызстандын медиа өкүлдөрү, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбектан, Беларусия, Иран ж.б. мамлекеттердин элчилик өкүлдөрү, ММК жетекчилери жана журналисттери, ошондой эле БиБиСи, ТРТ, “Хабар” өңдүү ири медиа корпорациялардын жетекчилери, редакторлору, жергиликтүү ММК өкүлдөрү, чет элдик жана Кыргызстандын жогорку окуу жайлардын ректорлору, тиешелүү факультеттердин декандары, окумуштуулар, медиа серепчилер, тележурналисттер чогулуп, азыркы радио жана телекөрсөтүү кандай багытта иштеши керек деген суроонун алкагында талкуу жүргүзүштү.
Форумдун катышуучулары жаңы медианын салтуу ММКга тийгизип жаткан таасирлери, анын алкагындагы актуалдуу маселелер, телекөрсөтүүнүн көрүмдүүлүгүн жана радионун угумдуулугун арттыруу ыкмалары, заманбап журналисттерди даярдоодо билим берүү системасы багытында ой бөлүштү. Эмне дейбиз? Аракеттериңер илгерилеп, иштериңер ийгиликтер менен коштолсун! Жаңылануу күтөбүз, УТРК


Related posts

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө коррупцияга каршы коомдук-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

admin

Баткенде пара алып жаткан жол тескөөчүлөр кармалды (видео)

admin

КР УКМК: “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

admin

Комментарий