Депутаттар милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин жактырышты

Бүгүн, 8-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулду.

Жыйында баяндама жасаган саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова белгилегендей, ММК фондунун 2022-жылга бюджети Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 30 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамы менен кирешелер жана чыгашалар боюнча 20 255 518,5 миң сом суммасында бекитилген.

Related posts

«Талас бригадасы» уюшкан тобунун мүчөсү «Темке» кармалды

admin

Ташиев жер титирөөдөн кийин ӨКМге тапшырма берди

admin

Нурланбек Шакиев: “Жогорку Кеңеш өлкөнү жаңы багытта өнүктүрүүгө өз салымын кошо берет”

admin

Комментарий