Парламент социалдык фонддун бюджетин кабыл алды

Бүгүн, 8-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету, “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “КРнын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024–2025-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында аталган маселелер боюнча баяндама жасаган Соцфонддун төрагасы Бахтияр Алиев, алгач фонддун 2021-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет берип, жалпы кирешеси 62 554,2 млн сомду түзгөнүн маалымдады. Ал белгилегендей, 2020-жылга салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 6 498,1 млн сомго же 111,6 %га көбөйдү. ИДПнын көлөмүнө карата Социалдык фонддун бюджетинин кирешеси 8,7 % түздү. «2021-жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 38 356,6 млн сомду же белгиленген пландык тапшырманын 100,5 % түздү. Камсыздандыруу төгүмдөрү өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 115,6 %, же 5 179,2 млн сомго өстү», — деп кошумчалады баядамачы.

«Ал эми Социалдык фонддун 2022-жылга такталган бюджети кирешелер боюнча 78 375 625,3 миң сом (ИДПдан 9,5%) суммасында же бекитилген бюджеттен 9 864 572,9 миң сомго көп түзүлдү. 2022-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүшү 48 545 046,2 миң сом суммасында күтүлүүдө. Бекитилген бюджетке салыштырмалуу өсүш 6 855 982,5 миң сомду же 116,4% түздү», — деди.

Талкуу маалында депутаттар Социалдык фонддун бюджетинин кирешелеринин түзүлүшүнүн жана милдеттенмелеринин аткарылышы тууралуу тактоочу суроолорду узатып, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзү боюнча бир катар сунуштарын жана сын-пикирлерин айтышты.

Алсак, депутат Дастан Бекешев Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун кармоонун максатка ылайыктуулугу тууралуу маселени көтөрдү. «Быйыл фондго 671 млн сом которулса, келерки жылы 459 млн сом бөлүү пландалууда. Эмнеге коомдук бирикмеге мынча акча берилип жатат? Бул маселе көп жылдардан бери чечилбей келүүдө», — деди ал.

Ал эми, депутат Чыңгыз Ажыбаев почта кызматкерлери тарабынан пенсиялык каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактыларына көңүл буруп, бул процесстерди ачык-айкын жүргүзүүгө чакырды. Депутат Таалайбек Сарыбашов пенсиялык саясатты узак мөөнөттүү стратегиянын негизинде жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Эл өкүлдөрү Сүйүн Өмүрзаков менен Камила Талиева пенсионерлердин төгүмдөрүн алар каза болгон учурда балдарына мурас катары өткөрүп берүүнү сунушташты.

Депутат Улан Бакасов бир пенсионерге канча иштеген жаран туура келерине кызыкты. Социалдык фонддун жетекчиси 2022-жылдын 1-октябрына карата өлкөдө 735 миң пенсионер бар экенин айтты. «Учурда 1 пенсионерге 0,8 жумушчу туура келет», — деп жооп берди Б.Алиев. Улан Бакасов орун алган теңсиздикке токтолуп, жыл сайын ажырым өсө берерин белгиледи. «Ушуга байланыштуу, өз алдынча иштеген жарандарды, дыйкандарды, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, ошондой эле иштебеген жарандарды пенсия менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруу керек», — деди ал.

Related posts

Садыр Жапаров эмнеге маалымат жыйын өткөрбөйт? Өзү жооп берди

admin

«Манас» күнүндө 8 манасчынын ар бирине эки бөлмөлүү ак өргөө берилди 

admin

Бишкектен Орусия жана Европага баңгизат ташууга шектүүлөр кармалды 

admin

Комментарий