Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатына катышат 

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Австралияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 13-18-декабрь күндөрү Мельбурн шаарында өтөт. Петрашов 50, 100, 200 метр аралыктарга брасс ыкмасы менен сүзөт.

Спортчу башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчили астында мелдешке катышат. 

Белгилей кетсек, мелдешке 173 өлкөдөн 850 спортчу катышып, жалпы байге фонду 2 млн АКШ долларын түзөт.

Related posts

Тоолуу райондордо кар жаайт. 23-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайыТоолуу райондордо кар жаайт.

admin

УКМК: “Хизбут-Тахрир” уюмунун Кыргызстандагы лидери өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылгандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынды

admin

Новопавловкадагы сейил паркты жакшыртууда мыйзам бузуулар аныкталып,  кызмат адамдары кармалды

admin

Комментарий