Кыргызстандын баардык мектептери карантинге жабылды

Жетим балдар үчүн интернат тибиндеги мекемелеринен тышкары, менчиктин бардык формаларында жана типтеринде окуп жаткан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары, 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Санитардык көрсөтмөсү жетекчиликке алынып, мектеп окуучуларынын арасында сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекция ооруларынын андан ары жайылышына жана эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашына жол бербөө максатында окутууну онлайнга өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыкты.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттар 16-декабрдан 30-декабрга чейин онлайн окуйт. Бишкек, Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

— аралыктан билим берүү технологияларын, видео-сабактарды, электрондук ресурстарды жана платформаларды пайдалануу менен жалпы билим берүү уюмдарында билим берүү процессин онлайн форматта уюштуруу;

— мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартын жана жалпы билим берүү программаларын базистик окуу пландарына ылайык толук көлөмдө ишке ашырууга.

Related posts

Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт — 6-ноябрга карата аба ырайы.

admin

Малайзиянын премьери Кыргызстанга расмий сапар менен келди

admin

Чоң Чүй каналынын жээгинен 23 жаштагы кызга таандык жеке буюмдары табылды

admin

Комментарий