Кар жаайт. 22-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 22-декабрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;

Бишкек шаарында мезгил-мегили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 0…-2 градус болот.

Related posts

Кеминдеги Ильич айылына жаңы бала бакча курулат 

admin

Мирбек Атабеков Мээрим Төлөпбергенге үй алып берди

admin

Бишкекте 50 миң АКШ доллар пара алып жаткан жеринен укук коргоочу кармалды

admin

Комментарий