Ошто бензин куюлган 3 цистерна темир жолдон чыгып, бир адамды басып калган 

Кечээ, 21-декабрда Оштогу «Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун» нефтьбазасына жакын темир жол станциясында бензин куюлган 3 вагон темир жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бензин куюлган вагон 1963-жылы туулган Э.У. аттуу эркек кишини басып калып каза болгон. Ал эми 22 жаштагы. С.А аттуу эркек жаракат алып, облустук ооруканага жеткирилген, абалы туруктуу.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин Ош облустук жана шаардык башкармалыктардын башчылары жетектеген ыкчам топ, Өзгөчө куткаруу кызматынан 10 куткаруучу, үч өрткө каршы бөлүм, бир 1 күжүрмөн эсеп, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Мындан сырткары, Ички иштер министрлигинен 10, Тез жардам кызматынан 6 кызматкер тартылып, учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу, жолдон чыгып кеткен вогондордун ичиндеги бензинди башка бактарга бошотуп, өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуу иштери аткарылууда.

Related posts

«Биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз». Эрбол Султанбаев «Азаттыктын» айланасындагы кайрылууга реакция кылды 

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда опузалап акча талап кылуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан мурдагы бала бакчанын жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Комментарий