Сузактагы кыздар медресесинде өрт чыгып, 2 кыз ооруканага жеткирилди 

Сузактагы медреседе өрт чыгып, эки кыз ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Комсомол айылында аянты 165 чарчы метр болгон кайрымдуулук мекемесинин, кыздар медресеси, мансард тибинде салынган имараттын чатыры, 26 даана төшөк жана шыбы күйгөн. 2004 жана 2006-жылы туулган жарандар өздөрүн жаман сезгендигинен улам, Тез жардам кызматы тарабынан облустук ооруканага жөнөтүлгөн. Күйүк алган эмес. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан», — деп айтылат маалыматта. 

Related posts

«Талас бригадасы» уюшкан тобунун мүчөсү «Темке» кармалды

admin

КР УКМК: Өзгөн районундагы жер тилкелерин мыйзамсыз саткан кызмат адамдары кармалды

admin

УКМК: Таластын вице-мэри менен шаардык кеңештин вице-спикери кармалды

admin

Комментарий