Аты менен кошо унаанын алдында калган. Чүйдө жаран жол кырсыгынан каза болду

Кечээ, 9-январь күнү Чүйдө жол кырсыгынан атчан адам көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 19:00 чамаларында катталган. 1985-жылы туулган жаран Mercedes-Benz Sprinter унаасын башкарып бара жатып, Бишкек-Ош унаа жолунун 60-чакырымына жеткенде атчан адам келип сүзүлгөн. Ат минген адамдын 1976-жылы туулган жаран экени аныкталган. Ал Жайыл районун ооруканасынан каза болгон.

Related posts

УКМК: Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кармалды

mediaportalk

УКМК: Ала-Бука районунда коррупция боюнча айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

mediaportalk

Жогорку Кеңештин комитетинде ЖМК жөнүндө мыйзам долбоор каралды

mediaportalk

Комментарий