Ошто УКТ мүчөлөрүнө кол салуу. Дагы бир шектүү кармалды 

Ош шаарындагы адам өлтүрүүгө шектелген дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган Нурбек Чубаков аттуу Өзгөн районунун тургуну бүгүн Ош облусунун аймагынан кармалган.

Милициядан белгилешкендей, өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо жана кылмыш ишин толук ачуу боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. Кечээ, 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаранга издөө жарыяланган. Ошондой эле бүгүн, 14-январда аталган кылмышка шектелип дагы эки жаранга издөө . Ал эми кечээ, 13-январда издөө салынган 2 жаран бүгүн Чүй облусунун аймагынан кармалган

Related posts

Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга жөнөп кетти

admin

Кыргызстан менен Сауд Араб Падышачылыгы ажылык боюнча келишимге кол койду

admin

Бишкекте жүрөк оорулуу бала сасык тумоо менен ооруканага түшүп, чарчап калды 

admin

Комментарий