Бишкектин бир катар мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнү айтылууда 

Бишкектин бир катар мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөнүнө байланыштуу окуучулар үйлөрүнө жөнөтүлүп жатканы айтылууда.

Маалыматтарга караганда, Бишкектеги №33 гимназияда окуучулар эвакуацияланып жатат. Борбор калаанын Свердлов районунда жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучулары да бомба тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланган. Бишкек шаардык милициясына байланышканда алар жогорудагы маалымат такталып жатканын билдиришти.

Related posts

УКМК: Бишкек шаарында «Ак-кайың» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү

admin

Бишкектин четинде кулаган аскердик тик учак кырсыгынан бир киши каза болгону айтылууда

admin

Депутат Калпаев: «Бул 25 жылдык Баткен үчүн жеңил болгон жок»

admin

Комментарий