УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келип байып кетем деген аткаминерлерге эскертүү берди.
“Урматтуу кесиптештерим, эгер кимдир бирөө иштегиси келбей жатса, эшик ачык. Баргыла да, бизнесиңерди кылып байып, жыргап жата бергиле. Бирок аткаминер бай жашабашы керек. Эсиңерге тутуп койгула! Мамлекеттик кызматкер негизи бай боло албайт. Аким, губернатор, министр болуп байыйм деген мурунку психологияны алып ыргытыш керек. Мурда ар бир кызматтын «ставкасы» бар эле, азыр жетекчилердин бир тыйын алуу оюнда дагы жок”, — деди Ташиев.