Бүгүндөн баштап ажылык сапарга каттоо башталды 

2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо бүгүн, 24-январда башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев билдирди.

Анын айтымында, каттоо 14-февралга чейин жүргүзүлөт.

«Каттоо убактысы белгиленген аралыкта 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер 1 миң АКШ долларын «РСК Банкынын» иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга тапшыруусу керек», — дейт ал.

Кадырбердиев билдиргендей, жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.

«Талапкерлер 1000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт. Эгер катталуучулардын саны 7 миңге жетсе каттоо жабылат. Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт», — деди ал.

Муфтийдин орун басары 2019-2022-жылы каттоодон өтүп, бирок бара албай калгандар кайрадан каттоодогу 1000 сомдук каражатты төлөбөй турганын белгилеп өттү.

Муфтияттан 2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1 миң АКШ долларын төлөй албай калса ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарыла тургандыгын эскертишти.

Related posts

Акылбек Жапаров Баткенде курулуп бүткөн турак-жайлардын абалы менен таанышты

admin

Согончогу жана билеги кесилген муз бийчиси Роман Костомаров муз үстүнө чыкты (видео)

admin

Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген шектүү асынып алды

admin

Комментарий