GoBus автобустары Кыргызстандан Өзбекстандын 4 шаарына каттай баштайт

GoBus автобустары Кыргызстандан Өзбекстандын Фергана, Андижан, Ташкент жана Наманган шаарларына каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Кайрат Итибаев “Кабар” агенттигине маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор алдыдагы жайкы туристтик сезондо ишке киргизүү пландалып жатат.

“Биз аймактарыбызга уюштурулган транспорттук тейлөөнү жакшырткыбыз келет. Ош аэропортунан кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрүү пунктуна чейин GoBus унаа каттамын ишке киргизебиз. Бул биринчи этап. Экинчи этапта каттамдардын географиясын Фергана, Анжиян, Ташкент жана Наманган шаарларына чейин кеңейтебиз”, — деди Итибаев.

Муну менен катар ал туризм жаатында Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгын алдыга жылдыруу үчүн фонд тарабынан коңшу өлкөнүн профессоналдык спорттук уюмдарына Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги “Тосор Интернешнл Спортс” заманбап спорт базасына спортчулар үчүн окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп туруу сунушталганын кошумчалады. Борборду быйыл Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында 72 гектар аянтка куруу пландалууда.

Мындан тышкары, фонддун вице-президенти белгилегендей, Өзбекстандан келген туристтер үчүн Кыргызстандын өзбектер арасында суроо-талап чоң болгон 10 кооз жеринде бирдиктүү программа түзүү пландалууда.

Related posts

«Эжемдин денесине 6-7 жолу бычак сайылып өлтүрүлгөн» деген жаран бийликке кайрылды

admin

3 округ боюнча 63 миң 842 адам добуш берди

admin

Ошто 20 жаштагы жигит соцтармактагы экстремисттик билдирүүлөрү үчүн кармалды

admin

Комментарий