Баткенде 27 жаштагы жигит апрель айынан бери дайынсыз болуп жатат 

Баткенде үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып барбаган 27 жаштагы Рашид уулу Руслан изделип жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Бужум айылынын 47 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында 29-апрель күнү 1995-жылы туулган Рашид уулу Руслан өзү жашаган үйдөн чыккан бойдон кайра кайтып барбаганын билдирип, аны издөөгө көмөктөшүүнү суранган.

Белгилери: арык чырай, көзү кара түстө, чачы күрөң, бою 165-170 см, психикалык жактан жабыркабайт.
Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.

Эгерде сүрөттөгү жигитти көрүп билгендер болсо, Баткен РИИБге кабарлап коюңуздарды суранабыз.
Байланыш номурлары 03622 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74.

Related posts

Алтын үчүн күрөштө Акжол Махмудов жеңилүү ызасын тартып калды

admin

Бишкектеги элчиликтин алдында шайлоочулардын кезеги пайда болду

admin

УКМК Академиясын негиздеген Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирүү

admin

Комментарий