Кадамжайда 2 жаштагы кызын сабап, видеого тарткан келин 48 саатка камакка алынды 

Баткенде 2 жашка толо элек кызын сабаган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

  • 27-январда Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никеде жашап жүргөн аялы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну 2021-жылы туулган кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. 2020-жылдын март айында Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну менен жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылдын 13-мартында кыздуу болушкан, 2023-жылдын январь айынын баш чендеринде экөө өз ара келише албай ортолорундагы келишпестиктен алар чогуу жашабай калышкан. Ошол себептен аял 5-январда өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кичинекей кызына карата зомбулук көрсөткөн аял 30-январь күнү Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.

Ал эми Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде, үч баласы мамлекеттин камкордугуна убактылуу алынып, Кадамжай районунда жайгашкан “Кут Кадам” үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө Кадамжай РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы менен алып барылып, жайгаштырылган.

Related posts

Баткенде 17,5 тонна күрүчтү аткезчилик жол менен алып кирүүгө аракеттенишкен 

admin

Бишкектеги самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

admin

Түркияда мышыкты мыкаачылык менен өлтүргөн жаран 2,5 жылга кесилди

admin

Комментарий