Экологиялык жак ае иаза. Кыргызстан эмне үчүн 120 автобусту Кытайдан сатып алды? 

Кытайдан 120 жүргүнчү ташуучу автобус сатып келинди. Ал автобустар газ менен жүрөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Учурда «Эмнеге чет жактан алабыз, ата мекендик «Белес» компаниясынын автобустарын алса болбойбу?» деген пикирлер да бар. Аталган жергиликтүү компания унутта калтырылган жок. «Белес» менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш унааны сатып алуу меморандумуна кол койгон. Аталган компания азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык таза транспортко (газ жана электроэнергия менен жүргөн) артыкчылык берүүдө. Анын үстүнө, учурда «Белес» компаниясында массалык түрдө, 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, учурда компания газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат, андан соң мэрия компаниянын автобустарын сыноо үчүн алат»,- деди ал.

Related posts

Ноокат районундагы “Чарвадор”асыл тукум чарбасы мамлекетке 2,27 га жер аянтын ыктыярдуу өткөрүп берди

admin

7-январга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

«Мадина» базарынын кожоюну камакта калтырылды. Аны соттон “Тез жардам” алып кетти

admin

Комментарий