УКМК: «Аксыда акча талап кылган акушер кармалды» 

Аксы районунун жалпы дарыгердик практика борборунун акушери төрөт учурундагы аялдардан системалуу түрдө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына жаран кайрылып, Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу 1983-жылы туулган дарыгер опузалап акча талап кылып жаткандыгына байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүлүшүн суранган.
Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин негизинде 2-февраль күнү өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылган акчаны алып жаткан учурунда кармалган.

Related posts

Сокулукта жаракат алган өспүрүмдү видеого тартып, бутун өптүргөн шектүү кармалды

admin

Камчыбек Ташиев: «Кумтөр» иши боюнча 2 президент, 4 премьер, 2 спикерди жоопко тарттык»

admin

Жаныбек Абиров Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин койду

admin

Комментарий