Казакстанда 9-класстын окуучусу мектепке балта менен барып, балдарга кол салган

Казакстандын Петропавловск шаарындагы №4 мектепте 9-класстын окуучуларынын бири мектепке балта жана бычак алып барып, жогорку класстын окуучуларына кол салган. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Маалыматта 9-класстын окуучусу мектепке балта жана бычак алып барып, дааратканага кирип, бет кап кийип, коридорго чыгып, үч окуучуну жарадар кылганы айтылат. Эки окуучу башынан жана билегинен бычактан алган жаракаттары менен балдар ооруканасына жаткырылган. Үчүнчү окуучуга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жабыркагандар 9-10-класстардын окуучулары.

«Өспүрүм полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, бул факты боюнча «киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен сотко чейинки тергөө амалдары башталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү психиатриялык каттоодо турат. Соттук териштирүүнүн алкагында мектеп жетекчилигине юридикалык баа берилет. Калган жагдайлар такталууда», — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Related posts

Бишкектеги бир нече кичи автобустардын кыймылы өзгөрдү (сүрөт)

admin

Орусияда кыргызстандык жаран жеке ишкер менен анын кызын өлтүрүүгө шектелип жаткан. Сот чечим чыгарды

admin

Ошто көмүрдүн  тоннасы 7,5 миң сомго чейин сатылууда

admin

Комментарий