Түркияда кайрадан эки жолу жер титиреди 

Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы 20-февралда Түркиянын түштүгүндөгү Хатай провинциясында эки жер титирөө болгонун билдирди.

Anadolu агенттигинин маалыматына ылайык, 6,4 баллдык биринчи силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:04тө, экинчиси 5,8 баллдык силкинүү саат 20:07де катталган. Жер титирөөнүн очогу Дефне жана Самандаг аймактарында болгон. Биринчи жер титирөөнүн очогу 16,7 чакырым, экинчиси 7 чакырымдык тереңдикте болгон. Жер титирөө коңшу провинцияларда, ошондой эле Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина, Израил жана Ливанда сезилген.

Related posts

Кайрат Иманалиев: УТРК Футбол боюнча Дүйнө Чемпионатын үзбөй көрсөтөт

admin

АКШда адамдын ичегисинен тирүү чымын табылды (сүрөт)

admin

2024-жылы пенсия канча пайызга көбөйөрү маалымдалды

admin

Комментарий