Ажылык сапарды уюштурууда коррупциялык иштер болбосун». Президент муфтийди кабыл алды 

Президент Садыр Жапаров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын  директору Тойгонбай Абдыкаров менен Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиевди кабыл алды.

Кыргызстандын башкы муфтийи мамлекет башчыга өлкө жарандарынын мусулмандардын ыйык шаары Меккеге (ажылык) зыярат кылуу иштерин уюштуруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, быйылкы жылы ажылыкка барууну каалаган кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6110 квота бөлүнгөн.

Мамлекет башчысы алардын докладдарын угуп, алдыдагы ажылык сапарга даярдык көрүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи. Ал ажылык сапарды уюштурууда баштапкы жылдары финансылык бузуулар жана коррупция сыяктуу жагымсыз фактылар болгонун эске салды. Президент элдин ажылыкка жумшай турган суммасы дагы аз эместигин, ошондуктан алар берген каражаттарынын кайсы жактарга сарпталгандыгын билүүгө толук акысы бар экендигин, коррупциялык иштерге жол берилбеши керектигин өзгөчө белгиледи.

Related posts

Чүйдө 20 миллион сомдон ашык мефедрондун 22 миңден ашык дозасын таратууга бөгөт коюлду

admin

Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөйт

admin

Сирияда согушкан Жизактын тургуну мекенине кайтарылды

admin

Комментарий