Садыр Жапаров Коргоо министрлигинин Ысык-Көлдөгү тактикалык машыгууларына көз салды  

Президент— Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Жапаров бүгүн, 2-мартта, Коргоо министрлигинин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы полигонунда пландалган тактикалык машыгууларга көз салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Машыгуулардын жүрүшүндө Коргоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чет жакадагы жана калктуу конуштагы мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү бөгөт коюп, жок кылуу боюнча көрсөтмөлүү практикалык аракеттери чагылдырылды. 

Бир нече эпизоддорго бөлүнгөн аракеттерди көрсөтүүгө 200гө жакын өздүк курам, 30га чейин автоунаа, бронетранспорттук жана атайын техника, замбирек жана минометтук артиллерия, армия жана аскердик транспорттук авиациялык техника тартылган. 

Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлигинин бөлүмдөрүнүн өздүк курамы күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда практикалык көндүмдөрдүн жана аскердик чеберчиликтин, аракеттердин ырааттуулугунун жогорку деңгээлин көрсөткөнүн белгиледи.

Related posts

ЕАЭБ: Кыргызстан айлык-акынын өсүшү боюнча алдыга чыкты

admin

Ташиев: Кемпир -Абад боюнча келишим 1965 -жылы эле түзүлгөн, аны биз өзгөртө албайбыз

admin

ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды

admin

Комментарий