Сокулукта «Кадастр» мекемесинин кызматкерлери жана УКТ мүчөлөрү кармалды   

Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын жооптуу кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо фактылары аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын директорунун орун басары А.К.Ч, Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин каттоо бөлүмүнүн кызматкери Т.у.Р жана ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Э.М.А менен А.К.А. кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Учурда бул кылмыштарга Сокулук районунун жооптуу жана кызмат адамдарынын жана кылмыштуу контингенттин өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Кумтөр жаңы окуу жылынын алдында окуучуларга кезектеги колдоосун көрсөттү

admin

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда тандоо боюнча шайлоо бюллетендери даярдалды

admin

Милиция: «Балдарды уурдоо боюнча жалган маалымат тарап жатат»

admin

Комментарий