5-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, деп билдирди Кыргызгидромет.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +23…+28
Талас облусунда +20…+25
Баткен облусунда +24…+29
Ош, Жалал-Абад облустарында +24…+29
Ысык-Көл облусунда +16…+21
Нарын облусунда +18…+23
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +26…+28° болот.