Абдиль Сегизбаевдин адвокаты: “Ырыс Жекшеналиев эски видеону бурмалап, монтаждап тараткан”

Жакында фейсбуктагы “Полит Узник” деген баракчаны иштеткен Ырыс Жекшеналиев аттуу блогер камакка алынган. Ал, Абдиль Сегизбаевдин видеосун колдонуп, элди козуткан максатта чакырык жасаган.
Сегизбаевдин адвокаты Кайсын Абакиров билдирүү таратып, аталган видео өткөн шайлоо учурунда тартылганы, блогер аны бурмалап, контекстен кесип алып чагымчылдык кылганын билдирди.

“Социалдык түйүндөрдө А.К.Сегизбаевдин сөзүн чагылдырган Жетим-Тоо кенин иштетүүгө байланыштуу видеотасма тарап жатат.
Эскерте кетсек, бул видеотасма эки жыл мурун Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоо компаниясы учурунда шайлоо өнөктүгүнүн алкагында жарыяланган, видеотасма толугу менен көрсөтүлбөй, монтаждалган жана Жетим-Тоону иштетүүнүн айланасында А.К.Сегизбаевдин сөзүнүн мааниси жана мазмуну бурмаланган контекстте берилген. А.К.Сегизбаев видеонун таркатылышына эч кандай тиешеси жок жана биз блоггерлерди, журналисттерди жана ЖМКларды автордун макулдугусуз текшерилбеген жана анык эмес маалыматтарды жарыялабоого чакырабыз, анткени мындай маалыматтарды таратуу сот аркылуу материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууга негиз болуп саналат”-дейт ал.

Related posts

Камчыбек Ташиев Чек ара кызматына сатып алынган аскердик-техникалык жабдыктар менен таанышты (сүрөт)

admin

КР УКМКнын 9-кызматынын «Калкан» атайын багыттагы командасы “Sharp Blade-2025″ снайперлеринин эл аралык мелдешине ийгиликтүү катышты

admin

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга келди

admin

Комментарий