Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров 29-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна, депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин Административдик сотуна апелляциялык арыз бергенин билдирди. Бул тууралуу ал 30-апрелде “Азаттыктагы” маегинде айтты.
“Мыйзамдар боюнча кийинки инстанцияга даттанууга 15-майга чейин Конституциялык, мыйзамдык укугубуз бар. Бул жерден талаш чыгарыштын кажети жок”, — деди ал.