«Адаштым». Мурдагы депутат Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү

Мурдагы депутат Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөп, 1 жыл 3 ай мурда трибунада ант бергенин айтты.

«Бүгүнкү кайрылуум, депутаттык мандатымды тапшыруу боюнча болот. Сиздер менен 1 жылдан ашык убакыт чогуу иштештик. Мыйзам долбоорлорун сунуштадык. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт демекчи, ар бир адам жаңылат экен. Алардын катарында мен да адаштым. Мен окуяны талдап, жоопкерчиликти сездим», — деди ал.

  • Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео соцтармактарга тараган. Мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанышып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылууда.
  • Милицияга Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 12-мартта түнкү саат 3:30 чамасында ага белгисиз адам кол салып, сабап салганын айткан. Жабырлануучу Улуттук госпиталга медициналык жардам сурап кайрылып, ага «баш сөөктүн жабык травмасы» деген диагноз коюлган. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милициядан мушташтын бардык катышуучулары аныкталганын жана тергөө иштери улантылып жатканын билдиришти.
  • 13-мартта Бишкектеги мушташка шектүү эки жаран (1988-жылы туулган П.Э. жана 1987-жылы туулган А.Д.) кармалды.
  • Президент Садыр Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилип, ал Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырганы  маалымдаган.
  • 27-мартта Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырып берген.

Related posts

21 жаштагы “Түндүк электрдин” кызматкери сууга агып бараткан өспүрүмдү куткарып калды 

admin

Монголияда кар бороонунан 334 адам дайынсыз болуп жаткан. Алардын 333ү табылды

admin

Баткен жана Лейлек райондорунда ок атышуу уланууда (Видео)

admin

Комментарий