Айгүл Жапарова акча таратт деген маалымат жалган

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан Фейсбукта жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар экенин жазды.

«Урматтуу интернет колдонуучулары, сиздерге төмөндөгү маалымат жалган экенин маалымдайбыз. Маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар. Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан мындагы маалыматка ишенип, алданып калбоого чакырабыз», — деди ал.

Related posts

Ысык-Көлдүн пляждарындагы тосмолор алып салынат

admin

19-декабрга карата аба ырайы

admin

Быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги иш-чаралар Жалал-Абадда өткөрүлөт

admin

Комментарий