Айгүл Жапарова балдардын рак оорусу менен күрөшүү боюнча семинарга катышты

Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн, 28-майда “Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүнүн натыйжалуу стратегиялары: мультидисциплинардык мамиле” деген темадагы семинарга катышты.

2023-жылы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору фокустук өлкө катары тандалып, Global Initiative for Childhood Cancer — Балдардын онкологиясы боюнча глобалдык демилге эл аралык программасына кирген. Бул программа Кыргыз Республикасына балдардын рак оорусун аныктоонун жана дарылоонун сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Ошондой эле, кымбат эмес жана негизги дары-дармектердин жана технологиялардын жеткиликтүүлүгү, онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын үй-бүлөлөрүнө социалдык колдоо жакшырат.

Өз сөзүндө биринчи айым бүгүнкү семинар эл аралык кызматташууга умтулганыбызды гана эмес, балдарыбыздын ден соолугун жакшыртууга болгон умтулуубузду да чагылдырарын белгиледи. 2018-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Сен-Джуд балдар изилдөө ооруканасынын колдоосу менен балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча Глобалдык демилгени баштаган. Бул демилге балдардын рак оорусун дарылоо боюнча жогорку сапаттагы программаларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда өкмөттөргө жетекчилик жана техникалык жардам көрсөтүүнү көздөйт. Анын максаты 2030-жылга чейин бардык рак менен ооруган балдардын аман калуу көрсөткүчүн кеминде 60%га жеткирүү. Бул дарылоонун натыйжалуулугун кыйла жогорулатууну жана алдыдагы он жылда бир миллион өмүрдү сактап калууну билдирет.

Айгүл Жапарова бүгүн Кыргызстан Глобалдык демилгеге активдүү катышуу ниетин сыймыктануу менен жарыялай турганын ырастады. «Биз балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн түшүнөбүз жана бул демилгенин амбициялуу максаттарына жетүүгө өз салымыбызды кошууга умтулабыз. Мамлекетибиз саламаттыкты сактоо системасын бекемдөө, балдардын онкологиялык ооруларын диагностикасын жана дарылоосун жакшыртуу, ошондой эле медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча кадамдарды жасап жатат. Андан тышкары, биз башка өлкөлөр жана өнөктөштөр менен тажрыйба жана билим алмашуунун маанилүүлүгүн түшүнөбүз», — деди.

Жыйынтыгында Айгүл Жапарова Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна, Сен Джуд балдар изилдөө ооруканасына жана бардык өнөктөштөргө колдоо жана кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Related posts

Дыйкан-фермер чарбаларды 2030-жылга чейин 424 кооперативге бириктирүү пландалууда

admin

Кар жаабайт. 6- февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы 

admin

Президент эки жылда эмне иштерди аткарды — тышкы карыз

admin

Комментарий