Айрым жерлерде жаан жааайт. 12-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

12-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +19…+21 болот.

Related posts

Ош облусунда бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду 

admin

Назарбек Шералиев Камчы Көлбаевдин идеологиясын колдобой турганын айтты

admin

Месси ал үчүн «Алтын топтон» да маанилүү болгон сыйлыктарды атады

admin

Комментарий