Айрым жерлерде жаан жаайт. 4-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

4-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +12…+17 градус.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +21…+23 градус болот.

Related posts

Ажылык-2024: Кыргызстанга 6060 квота бөлүндү

admin

КР УКМК: К.Ташиев Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы менен жолугушту

admin

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жер титирөө катталды 

admin

Комментарий