Айсулуу Тыныбековага “Нарын даңкы” сыйлыгы тапшырылып, “Нарын районунун Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

2-ноябрда Айсулуу Тыныбекова Нарын жергесине иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Спортчу кызды Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов тосуп алды. Анда облус жетекчиси Айсулуу Тыныбекованын ийгиликтерин сыймыктануу менен белгилеп, Кочкор районуна Айсулуу Тыныбекова атындагы спорт борборун ачып берүү аракеттери жүрүп жаткандыгын жана мындай мектептер өлкөнүн бардык аймагында ачылышы зарылдыгын билдирди. Ошондой эле ага Нарын облусунун элинин атынан терең ыраазычылык билдирип, “Нарын даңкы” сыйлыгын сыймыктануу менен тапшырды. Иш-чарада Айсулуу Тыныбековага Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров “Нарын районунун Ардактуу атуулу” наамын ыйгарды.

Салтанаттуу иш чарадан кийин Айсулуу Тыныбекова Борбордук Азия Университетинин кампусу менен таанышып чыкты. Андан соң облус жетекчиси Алтынбек Эргешов менен чай үстүндө баарлашты.

Related posts

Нарында жаштар бир нече имамга унаа белек кылышты (сүрөт)

admin

«Оригиналдан мыкты!». Азат Раимбердиевге эксперттер кандай баа беришти?

admin

ЖМК: Байдендин Киевге жардамы кечикти, Украинанын абалы эми оорлой берет

admin

Комментарий