Айыл чарба министрлиги ичтеги дана сырттагы жарандарга кунарсыз жерлерди өздөштүрүнү сунуштайт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сыртта эмгек миграциясында жүргөндөргө жана өлкө ичиндеги жарандарга кунарсыз жерлерди өздөштүрүп, киреше булагын табууга жана арттырууга чакырат.

Толубай Жалилов Баткен облусунун Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл аймагындагы кунарсыз жайытты 243чү токтомдун негизинде 20 жылга ижарага алып ижарага алып, жаңы технологияларды колдонуп иштете баштаган. Алгач асылдуулугу төмөн жерге Толубай Жалилов өрүктүн 3 сортун, “Болеро”, “Микада” жана “Присса” көчөттөрүн отургузган. Ошону менен жалпысынан мурун кунарсыз делген аймакка 4,5 миң өрүктүн көчөтү тигилген. Ал көчөттөргө сууну сарамжалдуу жеткирүү максатында 6,5 миң куб сууга эсептелген көлмө куруп, тамчылатып сугаруу системасын орноткон. Көчөттөргө көлдөн бирдиктүү температурадагы суу берилет. Себеби, суу кээде ысып, кээде муздап кетет. Ал көчөт үчүн зыян.

“Өздөштүрүүгө 1-2 гектардан алгандар 10-15 адам болуп биригип алып, кооператив түзүп, чыгымдарды чогуу тартышса өзүн актайт. Биригүүнүн натыйжасы эң сонун болот. Азыр өрүктөн пайда түшкөнгө чейин помидор, бадыраң сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүрүп, киреше таап жатабыз. Мындай жакшы иштер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин кунарсыз жерлерди өздөштүрүү боюнча тапшырмасынын артынан ишке ашып турат. Ал бул жерге өзү келип, баштапкы көчөттү отургузуп кеткен.”, — деп билдирет дыйкан.

Белгилей кетсек, жалпы республика боюнча 614 миң гектар кунарсыз жайыттар аныкталган. Ушул жерлерди өздөштүрүү үчүн бардык жарандарды 243чү токтомдун негизинде министрлик жарандарга Кыргызстанды жашыл аймакка айлантуу менен жакшы киреше табууга мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирет.

Related posts

Ошто Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолун баяндаган спектакль коюлат

admin

Дайынсыз жоголгон Бекболот Турдушев табылды. Ал кайда жүргөнү белгилүү болду

admin

Бишкекте күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн 18 — сентябрдагы аба ырайы

admin

Комментарий