Ак-Суу районунда селден улам жараксыз болуп калган көпүрө жаңы салынды

7-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында жаңы курулган көпүрөнүн ачылышына барды. Иш-чарага облустагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Улан Далиев баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана элеттин тургундары катышты.

Көпүрө 1990-жылы «Заря» колхозу учурунда ашар жолу менен курулуп, жергиликтүү тургундар айдоо себүү маалында колдонуп келишкен. 2021-жылы 30-июлунда болгон селден улам көпүрө жараксыз абалга келип, мындан улам айыл эли жер иштетүү маалында айласыздан 4,5 чакырым арылыкка чейин барып, айланып келүүгө туура келчү. 2022-жылдын 17-июнунда ӨКМдин департаментине өткөрүлүп берилип, “Бек Курулуш” фирмасы тарабынан көпүрөнүн курулуш иштери аяктап, бүгүн анын ачылыш аземи болуп отурат.

Жакынкы күндөрү көпүрөгө атайын комиссия тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жергиликтүү башкаруу органдарына өткөрүп берилет.

Related posts

Telegram аркылуу «ИГИЛ» уюмуна азгырылган кыргызстандык кармалды

admin

28-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Камчыбек Ташиев провел совещание на тему миграционной обстановки в Кыргызстане

admin

Комментарий