«Акча чогултуу токтоду». Ырчы Бакыт Мамаевге бүгүн операция жасалары күтүлүүдө

Ырчы, обончу, тамада Бакыт Мамаев оор абалда ооруканага түшүп калган. Анын жээни Нуркыз Рыскул кызы таякеси унаада бара жатып эле өзүн начар сезе баштаганын айтып берген. «Ооруканага алып барса, мээсине кан куюлуп кетиптир. Кан каракуш мээге уюп калып, мээни кысып жатыптыр. Операцияга 7-ноябрга чейин 10 миң доллар керек экен», — деген ал.

Бүгүн, 9-ноябрда Нуркыз Рыскул кызы операцияга акча чогултуу токтогонун билдирди. «Элден айланса болот! Калың элге жана өнөрдөгү сахналаштарына, жердештерине алкыш! 6 күн ичинде тынымсыз жардам кылып, кайрымдуулук концертин уюштурсак аны колдон-буттан алып колдоп, ушул күндөр аралыгында мен жарыялаган банк эсебине, Мбанкына жана кайрымдуулук концерттине түшкөн каражаты биригип, 6500 доллар чогулду да, үстүнө калган акчаны туугандары кошуп, аппаратына акча төлөнүп, бүгүн операцияга кире турган болууда. Биз үчүн эң башкысы аппараттын акчасын тез арада табуу болчу. Расмий түрдө элден акча чогултууну токтотобуз. Эгерде мындан аркы дарылануусуна жардам берем десеңиздер өзү операциядан чыккандан кийин, ден-соолугу жакшы болгондо Республикалык ооруканага келип жолугуп турсаңыздар болот»,- деп жазды ал.

Related posts

Ошто изделип жаткан келин сейил бактан табылды

admin

Ленинград курчоосунда калган 150 баланы баккан Токтогон Алтыбасаровага арналган эстелик ачылды

admin

Акылбек Жапаров Баткенде курулуп бүткөн турак-жайлардын абалы менен таанышты

admin

Комментарий